Украина: качкындар саны 400 миңге жакындады

Украина-Польша чек арасы, Пржемышль. 26-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын 24-февралдагы куралдуу басып кирүүсүнөн кийин өлкөсүн таштап кеткен украин жарандарынын саны 400 миңге жакындады. Мындай маалыматты БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Анда Украинанын бийлигинин 27-февралдагы маалыматына ылайык, өлкөсүн таштап кеткен жарандардын саны 368 миңден ашканы жана дагы өсүп жатканы айтылат.

Евробиримдиктин кризисти башкаруу боюнча комиссары Янез Ленарчич 27-февралда Орусиянын Украинага каршы согушу “жети миллиондон ашык адамды” жер которууга мажбурлашы мүмкүн деп билдирген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Дагы караңыз

Евробиримдик орус учактары үчүн аба мейкиндигин толук жабатЕвробиримдик RT жана "Спутник" медиаларына тыюу салатЕвробиримдик Украинага курал-жабдык сатып беретТаңкы Азаттык (2-чыгарылыш)