Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде өтөт. Бул тууралуу 27-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фейсбук", "Телеграм" аркылуу билдирди. Ал мындай мындай чечим Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганын айтты.
"Александр Лукашенко украин делегациясынын сапары, сүйлөшүүлөрү жана артка кайтып келиши маалында Беларустун аймагында жайгашкан бардык учактар, тик учактар жана ракеталардын жерде калышын камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алды", - деп билдирди Зеленский.
Буга чейин Кремль тынчтык сүйлөшүүлөрүн Беларустун баш калаасы Минскиде өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Зеленский Беларустун аймагынан Украинага агрессия жасалганын жүйө кылып, сүйлөшүүлөрдү Беларуста эмес, Европанын башка шаарларында өткөрүүнү сунуштаган.
Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.
Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Харьковдо украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып жатканы кабарланып жатат.
Дагы караңыз
Харьков Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө экени айтылдыУкраина Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылдыЗеленский Орусия менен Беларуста сүйлөшпөй турганын билдирдиБишкектеги шайлоо: саат 14.00го карата 26 миңдей адам добуш берди