Песков: Орусиянын делегациясы Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларуска келди

Дмитрий Песков.

Орус делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Беларуска келди. Бул тууралуу Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Орусия сүйлөшүүлөрдү Беларустун Гомел шаарында баштоого даяр.

"Орусия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат", - деген Песков.

Маалыматка ылайык, Беларуста украиндер менен сүйлөшүү жүргүзө турган орус делегациясынын курамына Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана башка мекемелердин, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү кирген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Төрт күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге бир канча жолу сүйлөшүүнү баштоону сунуштаган. Орусия Украина тарапты сүйлөшүүдөн баш тартканын, мындан улам аскердик операциясын улантып жатканын билдирген.

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киевдин баш тартканын ырастап, мунун себептери алар койгон талаптар ынандырбаганы менен түшүндүргөн.

Украин президентинин башка бир кеңешчиси Михаил Подоляк да Украина сүйлөшүүдөн качпаганын, алар ультиматум коюлбаган шартта сүйлөшүүгө барышарын жарыялаган.

Дагы караңыз

Украина: Днепр баллистикалык ракета чабуулуна кабылды Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтЧек ара: "Ак-Тилекте" 70тей жүк ташыган машине кезекте туратБишкектеги кайра шайлоодо түшкө чейин 15,5 миңдей адам добуш берди