Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Иллюстрация сүрөт.

28-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...2, күндүз 12…17;

Талас облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Чек ара: "Ак-Тилекте" 70тей жүк ташыган машине кезекте туратБишкектеги кайра шайлоодо түшкө чейин 15,5 миңдей адам добуш берди Украинадан 30дан ашык кыргыз жараны башка өлкөгө чыгып кетти Орус аскерлери Харьковго кирип келгени кабарланууда