Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.
Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.
Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.
Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.
Дагы караңыз
Өкмөт айыл чарба насыясын алгандарды тескейтЧек ара: "Ак-Тилекте" 70тей жүк ташыган машине кезекте туратБишкектеги кайра шайлоодо түшкө чейин 15,5 миңдей адам добуш берди