Орусия Киев облусундагы нефтебазага сокку урду

Киев облусундагы Васильково шаарында Орусиянын соккусу нефтебазага тийди.

Маалыматты аталган калаанын башчысы Наталья Балясинович ырастады.

"Бүгүн кечке чейин катуу аткылоо, анын ичинде баллистикалык ракеталар менен соккулар болду"-деди ал.

Социалдык тармактарда жайылган видеолордо мунай сактоочу база жалбыраттап өрттөнүп жатканын көрүүгө болот.
Васильково шаарында эки күндөн бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Бул шаарда авиабаза жана курал-жабдык сактоочу кампалар бар. Ошондуктан украин тараптын билдирүүсүнө караганда, бул калаага тынымсыз чабуул уланып жатат.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.