Украинанын үч шаарында кыргыз жарандары үчүн жайлар ачылды

Иллюстрация сүрөт.

Украинанын үч шаарында кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди.

Ал жарандарды эгер коопсуз жерде болсо жолго чыкпай турууга чакырды.

"Кыргызстандыктарга 24-февралдан бери эгер коопсуз болсо ошол жерден чыкпай отуруңуз деп сунуш берип жатабыз. Анткени жол тыгын, күйүүчү май жок, азык-түлүк тартыш, чек арада кезек өтө чоң. Мисалы, кечээ кечки 20:00дө Польшанын чек арасына жеткен жарандарыбыз дагы деле кезек күтүп турат. Биз өзүбүздүн жарандарга Киев, Одесса, Львов шаарларында убактылуу туруучу жайларды ачтык. Даректерди жарандарыбызга жибердик".

Элчинин айтымында, Кыргызстан жарандарын Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуациялап жатат.

ТИМдин маалыматына ылайык, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат - кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-26-февралда орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Дагы караңыз

"Максим мурда Айдардын командасында болчу"“Парламент кадимки жармаңкеге айланган”Аба ырайы: Ысык-Көл менен Нарында кар жаайтАлтынбек Сулаймановдун ордуна Эмил Жамгырчиев депутаттык мандат алды