Зеленский Орусиянын аскерлери турак жайларды аткылап жатканын айтты

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда дагы видео кайрылуу жасап, Орусиянын аскерлери ракеталарды, учкучсуз учактарды, артиллерияны, танктарды, чопкутталган техникаларды колдонуу менен Украинанын бардык аймагында чабуулун улантып жатканын айтты.

“Баскынчылар калк жашаган турак жайларга да кол салып жатышат. Аларды реактивдүү артиллериялык куралдар менен аткылашууда. Энергетикалык объектилерди жок кылууну көздөшүүдө. Алар өтө кара санатай тактиканы карманышууда. Талкаланган үйлөр согушту токтотуу үчүн чогуу күрөшүүгө жүйө болуп берер”, - деди ал.

Зеленский дүйнөнү согушту токтотуп калууга салым кошуусун суранды.

Ал сөзүнүн соңунда Орусиянын жарандарына орус тилинде кайрылып, президент Владимир Путинге таасир этүүгө үндөдү.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-26-февралда орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.

Орусиянын бийлиги бул маалыматтарды ырастап же төгүндөй элек. Бул өлкөнүн Коргоо министрлиги өзүнүн жоготуулары жана курмандыктары боюнча маалымат берген эмес. Алар мурдараак Украинанын 200дөн ашуун аскердик объектисин талкалаганын гана тактаган. (ErN)

Дагы караңыз

Киевдин тургундары Львовго эвакуациялануудаКиевде кырдаал кооптуу Украинадагы элчи: Бардык жарандарыбыз менен байланыштабыз