Байден Кыргызстандагы элчиликке Лесли Вигерини көрсөттү

АКШ президенти Жо Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Лесли Вигеринин талапкерлигин көрсөттү.

Вигери учурда АКШнын Мамлекеттик департаментинде Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштейт.

Буга чейин Лесли Вигери АКШнын Өзбекстандагы элчисинин орун басары болгон, Индияда жана Орусияда дипломатиялык кызматтарда иштеген.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу болгон. Ал өткөн жылы АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

Дагы караңыз

Украинадан 114 кыргызстандык чыгарылдыЖалал-Абадда көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылдыБишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттөн бир аял көз жумдуУкраин бийлиги Орусиянын жоготуулары тууралуу маалымат берди