Бишкектеги шайлоо: бүгүн жымжырттык күнү

Бишкек

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарындагы кайра добуш берүүгө байланыштуу үгүт иштери 26-февралда таңкы саат 8ден баштап токтоду. Мыйзамга ылайык, добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Дагы караңыз

ТИМ Украинадагы кыргыздарды Европа аркылуу чыгарып кетүү жолдорун сүйлөштүТүркия Украинадан жарандарын чыгара баштадыОрус десанттары Николаев шаарына коно албай калганы белгилүү болду