Кыргызстан Беларустан 150 автобус сатып алат

Акылбек Жапаров

Кыргызстан Беларустан жүргүнчү ташуучу 150 автобус сатып алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кийин билдирди.

Маалыматка ылайык Беларустан сатылып алынчу автобустарга акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт жана башка булактардан дагы каралат.

Жапаровдун айтымында, автобустар жарым жылдын ичинде келип калышы керек.

Андан тышкары Кыргызстанда кураштырылып жаткан "Белес.kg" ишканасынын автобусу сыноо мөөнөтү бүтсө, 10 автобуска буйрутма берилет.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Дагы караңыз

Орусияда согушка каршы акцияга чыккандар кармалды Жаңылыктар | 25.02.2022 | Орусия армиясы Киевдин босогосундаУкраинадагы согуш: Кесепети жана таасириБишкекте жана Ошто украиндерге тилектештик акциясы өттү