Путин сүйлөшүү үчүн делегация жөнөтүүгө даяр экенин билдирди

Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүү өткөрүү тууралуу сунушуна жооп берип, ал диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгеледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

"РИА-Новости" маалымат агенттиги жазгандай, Кремл Минксиге делегация жөнөтүүгө даяр. Анын курамына президенттик администрациянын, Коргоо министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү кирет.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын аскерлери куралын таштаса гана Москва сүйлөшүүгө бара турганын билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө басып киришин “Европага карата согуш” деп атап, айыптаган. Сөзүнүн соңунда ал орусча сүйлөп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Ал буга чейин да Путин менен эки, же бир нече тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү айтып келген.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоосун улантууда.

Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкекке ишкер мэр болдуТокаев менен Мишустин Орусияга салынган санкциялардын кесепеттерин талкууладыКыргызстанда доллар кескин кымбаттады