Лондон 24-февралда Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизгенин жарыялады. Агы ылайык, орусиялык беш банктын жана бир катар аскер жетекчилеринин Британиядагы активдери камакка алынат жана "Аэрофлот" авикомпаниясынын учактарына Британияга конууга тыюу салынат.
Евробиримдиктин лидерлери дагы Орусияга «олуттуу таасир тийгизе турган жаңы санкцияларды» кабыл алышканын 25-февралга караган түнү жарыялашты. Алардын айтымында, чектөөлөр Орусиянын каржы, транспорт жана энергетика системаларына багытталган. Евробиримдик шаркеттин аймагында сакталган орусиялык активдерди камакка алып, банктарын европалык каржы рыногунан ажыратууну көздөйт. Ошондой эле "кара тизмеге" алынган орусиялыктардын саны көбөйөт.
"Биздин санкциялар орус экономикасынын жүрөгүнө урат", - деди Белгиянын өкмөт башчысы Александр Де Кроо.
Евробиримдиктин санкциялары бекитилип, жарыяланган соң күчүнө кирет. Шаркеттин лидерлери Орусия менен тыгыз байланышта болгону үчүн Беларуска да санкция киргизүүнү көздөп жатышат.
Канада, Австралия, Жапония да Орусия Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизгенин билдиришти.
Дагы караңыз
Орусиянын чабуулдарынан украиналык 137 аскер курман болдуБайден Орусияга жаңы санкциялар салынганын жарыяладыУкраин премьери орус күчтөрү Чернобыл АЭСин басып алганын кабарлады Орусия Украинанын 74 аскердик объектисин талкалаганын билдирди