Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда аны кабыл алды.

Жолугушууда "президент аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду”, - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Алтынбек Сулайманов, 49 жашта. Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке келген. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясы, 2021-жылы болсо “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан. (TSh)

Дагы караңыз

Активисттер Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акцияга чыгышты Бишкекте Украинаны колдогон акция өттүСадыр Жапаров тажыяда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды Салык кызматы: чек арадагы тыгынга QR коддун жоктугу себеп болууда