Молдованын бийлиги өлкөдө өзгөчө абал жарыялады

Молдованын президенти Майя Санду.

Орусиянын Украинага бастырып киришине байланыштуу Молдованын президенти Майя Санду өз өлкөсүндө өзгөчө абал режимин жарыялады. Бул тууралуу ал 24-февралда кабарлады.

Ал Өзгөчө кырдаалдар комитети түзүлгөнүн, ал Украинадан кайткан качкындарды кабыл алып, аларга жардам берүү иштерин жүргүзөрүн айтты. Молдованын бийлиги коңшу Украинага аба каттамын токтотуп, ал жактагы өз жарандарын тез арада артка кайтууга чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады. Ондогон адамдар каза болгону кабарланууда. (ErN)