Казакстанда Январь окуялары боюнча 18 чет элдик жаран кармалды

Казакстандагы январдын башындагы нааразылыктар.

Казакстанда январь айынын башында катталган окуяларга байланыштуу 18 чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова мамлекеттик “Хабар 24” телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Өзбекстандын 14 жараны, Орусия менен Кыргызстандын экиден жараны камакта олтурушат.

Мурдараак Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларын иликтөөнүн алкагында эки чет элдик жаран кармалганын билдирген болчу. Ал кайсы мамлекеттин жарандары экени айтылган эмес.

21-февралдагы брифингде Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов Январь окуялары боюнча 107 иш айыптоо корутундусу менен иликтенип бүтүп, 52 адам соттолгонун айткан.

Кыргызстан окуя учурунда кармалган алты жаранын дипломатиялык жол менен бошотуп келген. Анын ичинде казак жергесинде кармалып, кийин бошотулган Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновдун кыйноого алынышы боюнча Бишкекте кылмыш иши козголгон. Руслан Иманкулов жана Талгат Темиркан уулу деген жарандар Таразда кармалып жатканы маалым.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча топтоп жатышат. (ErN)

Дагы караңыз

"Мета ааламда" кантип өмүр сүрөбүз?Орусиянын Думасы Путиндин жикчил “республикаларды” таануу чечимин колдодуДонбасс: Түркия жикчилдерди тааныбайт, КМШ үн ката элек