Депутат Чолпон-Атада саркынды суунун көлгө куюлуп кетүү коркунучун айтты

Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарыбагышев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну чыпкалоочу жайдын абалы начар экенин билдирди. Эл өкүлү Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында саркынды суу топтолуучу жай жарактан чыгып, көлгө агып кетүү коркунучун эскертти. Сарыбагышев шаардын саркынды суусу жакшы тазаланбастан айрым айылдарга кетип жатканын айтты.

“Ошол жерден чыккан суу топтолуп туруп эле элге кетип жатат. Кара-Ой айылынын үстүнө кетип жатат. Ал жерден оору чыкпайт деп ким кепилдик берет?” – деди депутат.

Депутат Максатбек Сарыбагышевдин маалыматына ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну чыпкалоочу Суу канал ишканасы 1986-жылы курулуп баштап, толук бүтпөй калган. Бирок, учурда иштеп жатат. Ишкана көлдүн 35 чакырымында жайгашкан 150дөй эс алуучу жайдын саркынды суусун чыпкалайт.

Комитет жыйынына катышып жаткан Чолпон-Ата суу канал ишканасынын директору Махмуд Турдахунов эки насостук станциянын бири көлдүн жээгине жакын 150 метрде жайгашканын билдирди. Турдахунов сууну сордуруп алуучу айрым тетиктер эскилиги жетип, насостор авариялык абалда экенин тастыктады. (TSh)

Дагы караңыз

Ошто сот кызматкерлерине мыйзамсыз камоо боюнча иш козголдуМедет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды