Ош облусунун прокуратурасында Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
“Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган”, - деп айтылат маалыматта.
Башкы көзөмөл органы кармалган адам эмнеге шектелгени боюнча маалымат берген жок. Ош облустук соту прокуратуранын айыптоосуна жооп бере элек.
Баш мыйзамдын 59-беренесине ылайык соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармоого тыюу салынат. Бул берененин жоболору бузулган учурда кармалган жаран компенсация төлөтүп алууга укугу бар. Негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылышы керек. (TSh)
Дагы караңыз
Вице-мэр Азат Узаков эки айга камалдыМедет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш сотто каралууда Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору даярдалды Депутат таштанды полигонуна алынган насыянын төлөнүшүнө кызыкты