Иранда аскердик учак кулап, үч адам каза болду

Иран АКШдан сатып алган F-5 үлгүсүндөгү истребители.

21-февралда Ирандын Тебриз шаарындагы мектептердин биринин стадионуна истребител кулап түштү. Мамлекеттик телеканалдар кабарлагандай, кырсыктан эки учкуч жана кеминде бир жайкын тургун каза болду.

IRNA маалымат агенттиги F-5 аскердик учагынын кырсыкка кабылышы иликтенип жатканын маалымдады.

“Кызыл Жарым Ай” уюмунун жергиликтүү жетекчиси кырсык Тебриздин Монахем районунда катталганын билдирди. Анын айтымында, мектеп коронавируска байланыштуу жабык болгон жана ошол себептүү кырсыкка окуучулар кириптер болгон эмес.

АКШда жасалган F-5 үлгүсүндөгү истребителдерин Иран 1979-жылкы Ислам революциясына чейин сатып алган. Батыш өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою салынган санкциялары транспортко тетиктерди алып, жаңылоого мүмкүндүк бербей келген.

Ирандын Куралдуу күчтөрү мындан сырткары Орусиянын "МиГ" жана "Сухой" үлгүсүндөгү истребителдерин да колдонот. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстанда IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөтБылтыр 577 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилди Украин-Орусия кризиси: Байден менен Путин жолугатЖуматаева: пенсиялык саясатты өзгөртүү жол-жобосу даярдалып жатат