Окуучулардын тамагына жылына 1,6 миллиард сом бөлүнөт

Азыр көпчүлүк мектептерде окуучуларга токоч менен чай гана берилип калды.

Азыр көпчүлүк мектептерде окуучуларга токоч менен чай гана берилип калды.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттагандан бери мектептерде окуучуларга бир маал ысык тамак берүү маселеси кыйындаганын билдирди. Ал 21-февралда парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында ушул тушта айылдарда 1-4-класстагы ар бир окуучуга ысык тамакка жети сомдон, ал эми шаарларда 10 сомдон бөлүнөрүн, мындан улам тендерге катышууну каалагандар азайганын айтты.

"Мисалы Ысык-Ата району тендерди алты жолу кайра жарыялаганга аргасыз болду. Кыйналып жатабыз деп ачык эле айтып жатпайбызбы. Азык-түлүк менен камсыздагандар келбегенин улам таттуу токоч (булочка) менен чай гана берүүгө өттүк. Айла жоктун оокаты".

Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бюджеттен жылына 1 миллиард 600 миллион сом каралганын, көбөйтүү каралып жатканын билдирди, бирок эки эсе көбөйөт деген маалыматты четке какты.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында бир катар социалдык мекемелердеги тамактанууга каралган акча каражатын эки эсе көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин карамагындагы мекемелерде жашаган балдардын, улгайган жарандардын, майыптыгы бар адамдардын жана жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын тамак-ашына каралган каражат эки эсе көбөйгөн.

Былтыртан тартып Кыргызстанда негизги азык-түлүктөрдүн аасы эки эсеге кымбаттады. Маселен соңку бир жылда эттин баасы 30-40% көбөйдү. Сүт азыктарынын наркы бир нече эсе көтөрүлдү.