Вице-мэр: Бишкек абасы эң кир шаарлардын катарында эмес

Бишкек.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов Бишкекти абасы эң кир шаарлардын катарында эмес деп эсептейт. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 21-февралдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Бишкек шаары абдан кир дегенге түшүндүрмө берсем. Мен таза шаар эмес дегенге макулмун, бирок эң кир шаар эмес. Рейтинг чет элдик компаниялар орноткон 50 көрсөткүч аспап менен чыгарылат. Эки көрсөткүч аспап турса бирөөсү "абдан кир", 150 метр ары жакта турган экинчиси "эң жашыл" деп көрсөтүп жатат. Мындай болбошу керек болчу”, - деди Сазыкулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун бул пикирин кескин сындап, абанын булганышынын алдын алуу боюнча эч кандай чара көрүлбөй жатканын билдирди.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Бишкек шаарындагы абанын булганышы жөнүндө маселени карап жатат.

Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Айрым күндөрү дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде Бишкек сап башына чыгат. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат уран концентрациясы жөнүндө кабарды текшерүүнү сунуштадыМектептерде медбөлмөлөрүн ачуу үчүн жабдууларга 350 миллион сом керек