Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов Бишкекте балдардын чачынан уран концентрациясынын жогорку көрсөткүчү табылып жатат деген Интернеттеги кабарды текшерүүнү сунуштады. Айжигитов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 21-февралдагы жыйынында калктын саламаттыгына байланыштуу кабарлардын чын-төгүнүн аныктоодо чукул чара көрүлбөй жатканын айтып, калаа бийлигин сындады.
“Сөзүңөрдөн эле көрүнүп турат. Мен башканы айтып жатсам, силер башканы сүйлөп. Каяктан, эмне себептен болуп жатат аныктап чыкпайсыңарбы?” - деди Айжигитов.
Комитет жыйынында катышып жаткан Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкулов тийиштүү органдарга тапшырма берилип, текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек шаарындагы абанын булганышы боюнча маселени карап жатат. Айрым эл өкүлдөрү мэрияны абанын булганышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзбөй жатканын айтып, кескин сындап жатышат.
Буга чейин Kaktus.media басылмасы өнүгүүсү кечеңдеген балдардын чачынан уран концентрациясынын жогорку көрсөткүчү аныкталып жатканы жөнүндө макала жарыялаган.
Шаарда акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселе бойдон калууда. Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. (TSh)
Дагы караңыз
Жалал-Абадда жасалма ПЧР-тест даярдаган лаборатория аныкталды COVID-19: Бир күндө 15 бейтап катталды, эки адам каза болду