Британ ханышасы Елизавета II коронавируска чалдыкты

Британ ханышасы Елизавета II.

Британ ханышасы Елизавета II коронавирус жугузуп алганы тууралуу маалыматты Букингем сарайы ырастады. Анын кеңешчилеринин айтымында, 95 жаштагы ханышада оорунун белгилери жеңил өтүүдө. Ошондуктан ал өзүнүн милдетин аткарууну уланта берет.

Ханышанын ооруп жактаны тууралуу маалыматтар бир нече күндөн бери таркап жаткан. Бирок Букингем сарайы расмий бышыктай элек болчу.

Жакында эле ханзаада Чарльз жана анын аялы Камилладан коронавирус табылган. Ханыша тун уулу менен 8-февралда жолуккан.

Расмий маалыматка караганда, Елизавета II коронавируска каршы вакцинанын үч дозасы менен эмделген. Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон ханышага тез айыгып кетишин каалаган билдирүү жиберди.

Дагы караңыз

Москвада согушка каршы пикетке чыккан укук коргоочулар кармалдыБээжинде Кышкы Олимпиада-2022 оюндары расмий жыйынтыкталдыГермания Иранды өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды