Орусия менен Беларус биргелешкен аскердик машыгуусун улантмай болушту

Орус-белорус аскердик машыгуусу.

Орусия менен Беларус бүгүн 20-февралда жыйынтыкталары айтылган биргелешкен аскердик машыгуусун улантмай болушканын белорус коргоо министри машыгуунун алгачкы жыйынтыгын жарыялап жатып билдирди.

Муну ал эки өлкөнүн тышкы чек ара тилкесинде “коңшулар аскердик активдүүлүгүн күчөтүп жатышат” деп түшүндүрдү.

10-февралда башталган машыгуу алкагында Орусия бул аймакка бир катар аскердик бөлүктөрүн жана курал-жарагын жайгаштырган.

НАТО ал жердеги 30 миңге жакын аскерин Орусия Украинага кол салуу үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонуусун билдирүүдө. Москва мындай ниети жоктугун айтууда.

Ал эми жалпысынан, Батыш өлкөлөрүнүн маалыматына караганда, Орусия Украина түндүгүнө, чыгышына жана түштүгүнө чек арага 150 миңден ашуун аскер кызматкерин жайгаштырды. (RK)

Дагы караңыз

Бразилияда көчкүдөн кийин 200дөй адам дайынсыз болуудаЕвропада "Юнис" бороону кеминде 16 адамдын өмүрүн алдыБалдардын укугун коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылышты Чек ара: аксакалдар элди ынтымакка чакырды