Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө өткөрмө ачылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, аталган борбордо 19-февралдан тартып “2А” деген өзүнчө өткөрмө бөлүмү ачылып иштей баштады.
“Бул чара Кыргызстандын жарандарына узун кезекти айланып өтүп, миграциялык борбор көрсөтүүчү кызматтардан (медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу, каттоо ж.б.) тез өтүүгө жеңилдик берет. Кыргыз тарап Орусияга маселени тез арада чечкени үчүн ыраазычылык билдирет” деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.
Бул күндөрү каттоого туруу үчүн кезекке тизилгендер Москва аймагында өтө көп болуп, миңдеп саналып жатканы байкалууда.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе 16-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.
ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. (RK)
Дагы караңыз
Чек ара: аксакалдар элди ынтымакка чакырдыУкраина: НАТОнун чакырыгы, жикчилдердин жарыясыОшто айылдашынын өлүмүнө шектүү адам кармалдыЧек арада кыргыз-тажик аксакалдары жолукту