Соңку бир суткада (19-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 32 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 23 киши.
- Чүй облусу – 2
- Ысык-Көл облусу – 6
- Ош облусу - 1
Калган аймактарда вирусту жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2942 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.
3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан.
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Таңкы Азаттык Кыргызстан мигранттар боюнча Орусияга нота жөнөттүОрусиянын жикчилдерди колдогон оюну