Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев менен орун басары Канышай Имарова кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков «Азаттыкка» бүгүн 18-февралда билдирди.
Анын айтымында, Семетеев кызматтан Ош шаардык прокуратурасы жүргүзүп жаткан тергөө аяктаганга чейин шаар башчысы Алмаз Мамбетовдун буйругу менен убактылуу четтетилди.
Анын кызматтык милдеттерин убактылуу аткаруу башкармалыктын жерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Туленбаевге жүктөлдү.
«Азаттыктын» жеке булактары ырастагандай, Семетеевге карата териштирүү 2015-жылы Ош шаарындагы Навои көпүрөсүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде жүрүп жатат. Навои көчөсүндөгү бир нече адамдын үйлөрү сүрдүрүлүп, бирок аларга кенемте берилбегени айтылууда.
Бул иштин алкагында Семетеевдин мурдагы орун басары Мухтарали Шамшиев да камакка алынып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды.
Иштен четтетилген жана кылмышка шектелип жаткан бул адамдардын тарапкерлери же жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (ArN)
Дагы караңыз
Казакстандагы тополоңдо жети жаш балага ок тийгени маалым болдуБийлик КТРКга "улуттук" макамын кайтаргысы келетЖалал-Абад: Батыровго таандык 37 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды Улуттук банк күмөндүү турак жай кооперативдери активдешкенин билдирди