Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына жана алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөргө карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында алкоголдук продукцияларга акциздик маркаларды көп санда мыйзамсыз даярдоо уюштурулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлдү. Анда 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), сапаты күмөн жараткан 8 миң алкоголдук продукциянын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган каражаттар алынган.
Бул факты боюнча Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козгоду.
Анын алкагында K.Ж.Э. аттуу жаран кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда. (КЕ)
Дагы караңыз
Исманкуловдун клиникасы менен түзүлгөн ижара келишими жокко чыгарылдыЖурналист Семетей Талас уулу кармалганы кабарланууда2021-жылы сырттан Кыргызстанга 2,7 млрд. доллар которулдуЭлектр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалды