Бишкек мэриясы №6 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы” жеке клиникасы менен түзүлгөн ижара келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматты айтылгандай, 17-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 ооруканага барып, даярдык иштери менен таанышты. Анда министр “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын ижарага алып келген корпус коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн “кызыл аймак” катары уюштурула турганын айтты.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев НТС телеканалына берген маегинде аталган медициналык борборго имаратты бошотууга бир күн убакыт берилерин билдирген.
Азырынча дарыгер Алмаз Исманкуловдун ооруканасынын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-февралда Бишкектеги №2 клиникалык көп профилдүү ооруканага барып, коронавирус менен дарыланып жаткандардын абалы менен таанышкан. Бейшеналиевге оорукана жетекчилиги коронавирустан улам башка бейтаптарга орун жетпей жатканын маалымдаган. (КЕ)
Дагы караңыз
2021-жылы сырттан Кыргызстанга 2,7 млрд. доллар которулдуЖурналист Семетей Талас уулу кармалганы кабарлануудаЭлектр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыДопинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алды