Электр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Өзгөн районунда электр тармактары ишканасынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын билдирди.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылынын Н.С. аттуу тургуну райондун прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Ал райондук электр тармактары ишканасынын (РЭС) кызматкерлери электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузганы үчүн негизсиз акт түзүп, укук бузуу боюнча жазадан бошотуу үчүн пара талап кылып жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жыйынтыгында райондук электр тармактары ишканасынын Р.А.Т. аттуу кызматкери арыз ээсинен акча алып жаткан жеринен кармалып, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу") менен кылмыш иш козголду.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. (КЕ)

Дагы караңыз

2021-жылы сырттан Кыргызстанга 2,7 млрд. доллар которулдуCOVID-19: эки бейтап каза болуп, 41 адамдан вирус жаңы аныкталдыДопинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алдыАКШ Москвадан украин кризиси боюнча сунушка жооп алды