2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгон.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, өткөн жылдын октябрь айында чет жакта жүргөн мекендештер которгон каражаттын суммасы 239,3 млн. долларды түздү.
Улуттук банктын маалыматына караганда, акча которуулардын 97% Орусияга туура келет. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган.
Ошол эле учурда 2021-жылы 562,8 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткен.
Өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемесинин буга чейинки маалыматы боюнча, 2018-жылы ошондой эле чет жактагы мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 685,3 миллион доллар которушкан. 2019-жылы бул сумма кыйла кыскарган. Адистер негизги себеп катары Орусиянын акча которууга киргизген чектөөсү себеп болгонун белгилешкен. (КЕ)
Дагы караңыз
Допинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алдыАКШ Москвадан украин кризиси боюнча сунушка жооп алдыКыргызстан Орусияга миграциялык жаңы эрежелерге байланыштуу нота жөнөттүАида Касымалиева: ЖККУ коопсуздук боюнча негизги уюмдардын бири боло алды