“Манас” театрына улуттук деген макам берилди

Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” деген макам ыйгарылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жарлык материалдык эмес маданий баалуулуктарды, оозеки чыгармачылыкты өркүндөтүү максатында кабыл алынды. Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме Кыргыз улуттук "Манас" театры деп аталат.

Театрды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Гаагада ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин соту башталдыУкраина Луганскидеги бала бакчага чабуул болгонун жарыяладыАлмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалдыКыргызстан Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоду