Кыргызстанда бүгүнкү күндө пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн 17-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджети талкууланып жатканда айтылды.
Жашоо минимуму өлкөдө 5800 сом деп аныкталган. Мындай өлчөмгө жетпеген акча алгандар 348 миң пенсионер.
Жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылдын 1-январынан тартып бардык пенсионерлерди жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландалып жатканын билдирди.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 714 миң пенсионер бар. (RK)
Дагы караңыз
Гаагада ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин соту башталдыУкраина Луганскидеги бала бакчага чабуул болгонун жарыяладыБаткен: такталбаган чек ара, кыйналган элАлмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалды