Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигинин башына барганы 14-февралда белгилүү болгон. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган. Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди министр кызматына дайындоого макулдук берген.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Билим берүү жана илим министрлигин 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды. (КЕ)

Дагы караңыз

Өзбекстандын президенти калкка 350 миң кой-эчки таратууну буйрудуБразилиянын президенти Москвага бардыКара-Сууда логистикалык борбор курулатИрандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр чечүүчү чекке келдиАкылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады