Кыргызстандын Министрлер кабинети Казакстандын аймагы аркылуу темир жол каттамын жандандыруу боюнча түшүндүрмө берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 15-16-февралда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов төрагалык кылды.
Жыйында 2022-жылдын 21-февралынан тартып Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну жандандырууга казак тарап макул болгон.
"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алып, Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу боюнча орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантат", - деп билдирет кыргыз өкмөтү.
Темир жол каттамын жандандыруу Орусиянын макулдугунан кийин ишке аша турганы маалыматта айтылган.
Темир жол каттамы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу токтогон. (КЕ)
Дагы караңыз
18-февралдын аба ырайыМинистр медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдүКоронавирустан эки киши каза болуп, 39 адамдан жаңы аныкталдыТайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө