18-февралдын аба ырайы

Кыргызстан.

18-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…+2;

Бийик тоолордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -12…-17 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 2…4 градус болот.

Дагы караңыз

Министр медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдүКоронавирустан эки киши каза болуп, 39 адамдан жаңы аныкталдыТайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө