Депутат Орусияда 201 кыргызстандык баңгизат менен кармалганын билдирди

Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков 2021-жылдын алты айында Орусияда 201 кыргызстандык баңгизат менен кармалганын бүгүн, 17-февралда парламенттин жыйынында билдирди. Алардын көбү мектепти жаңы бүтүп барган жаштар экенин кошумчалады.

"Алты айда баңгизатты сатты, даярдады деп 201 бала кармалыптыр. Алар ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Болгону жумасына 10-15 миң рубль беребиз деген кулактандырууларды окуп алып, шылуундардын торуна илинип, балдарга убал болуп жатат. Мигранттардын укуктук аң-сезимин даярдоо боюнча системаны ойлоп табыш керек. Керек болсо ыктыярчыларды тарталы", - деди Кадырбеков.

Эл өкүлү маалыматтын булагын айткан жок.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны бир миллиондон көп экени айтылып келет. (КЕ)

Дагы караңыз

Министр медициналык окуу жайларды жабуу тартибин түшүндүрдүКоронавирустан эки киши каза болуп, 39 адамдан жаңы аныкталдыТайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү Түркияда сабалган кыргызстандык келинге укуктук жардам көрсөтүлүүдө