Тайланддын бийлиги Бангкок шаарынын аталышын Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бангкок шаардын расмий эмес аталышы катары кала берет жана тексттерде кашаанын ичинде көрсөтүлүп турат.
Тай тилинде башкалаа дайыма Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп айтылчу жана андан да узун аталышы 40 тамгадан турчу. Англис жана башка тилдерде ал Бангкок деген ат менен белгилүү болгон. 2001-жылы бийлик шаарды англисче аталыш менен эле атай берүүнү чечкен болчу.
Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деген сөз “Периштелердин шаары жана улуу борбор” дегенди тушүндүрөт.
70 миллиондой калкы бар Тайланддын борборунда 8 миллионго жакын киши жашайт. Башкалаа туристтерди кызыктарган шаарлардын бири. (ErN)
Дагы караңыз
Жогорку сот Казыбек казалчыны актаган чечим чыгардыКрымда "Эркин Европа/Азаттык" менен кызматташкан журналист соттолдуАлматыда кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууландыӨкмөт 100 күндө эмнени өзгөрттү?Беларус Орусиянын аскерлери машыгуу бүткөндөн кийин кетерин жарыялады