Кыргызстандагы энергетика тармагынын көйгөйүн быйылкы таңсыктык ого бетер тереңдетти. Расмий маалыматка караганда, азыркы тапта электр кубатынын тартыштыгы алты миллиард киловатт саат болууда. Кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Кандай тобокелчиликтер күтүп жатат?
Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” түз эфирдеги “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик. Талкууга Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун директору, профессор Батыркул Баетов, ЮНИСОН коомдук бирикмесинин жетекчиси, альтернативдүү энергетика булактары боюнча адис Нурзат Абдырасулова, энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев катышты. Окурмандарга талкуунун урунттуу жерлерин сунуштайбыз.
"Келерки кышта кантебиз?"
- Акыркы маалыматтарга караганда учурда Токтогул суу сактагычында 8,7 миллиард метр куб суу бар. Бул суу сактагычта суу өтө азайган сейрек учур болууда. Азыркы көлөм электр кубаты менен дагы канча убакытка чейин жабдый алат? Кандай тобокелчиликтер бар алдыда?
Батыркул Баетов: Кийинки жылдары Нарын дарыясында суу аз кирип жатат. Мисалы, 2001-жылдан баштап биринчи он жылдыкты карасак, ар бир жылда 14,1 миллиард метр кубдан суу агып келип турган. Кийинки жети жылда 13,2 млрд. метр кубдан кирип калды. Акыркы 4-5 жылда 12,3 млрд. метр куб келип жатат. Ошентип, 20 жылдын ичинде суунун кириши 2 млрд. кубга азайып кетти. Анан албетте, суу сактагычтагы суу 17 млрд. кубдан төмөндөп кеткенде нормалдуу иштөөсү басаңдайт. Азыр эң аз өлчөм 5,6 млрд. куб деп жатабыз. Эми 1-апрелге чейин көлөм дагы азаят. Бирок, кыштын жылуу болгондугуна байланыштуу, анан энергетиктердин лимит коюу ж.б. аракеттери быйылкы кыйынчылыктан өтүп кеткенге жардам берди.
Мырзатай Султаналиев: Электр энергиясынын 90% төмөнкү Нарын каскад ГЭСтери чыгарат. Болжол менен бир метр куб суу беш ГЭСтен өтүп, 1 кВт/саат электр энергия чыгарышы керек. Ошондо эсептеп көрсөңүз, болжол менен бир күндө 50 млн. кВт/саат колдонсок бир айда 1 млн. метр куб суу кетет. Ошондо бүгүнкү күн менен эсептегенде 7,5 млрд. кубдан төмөн түшөт.
Экинчиден, Токтогул көп жылдык жөнгө салууга ылайыкташкан суу сактагыч экенин эске алып иш жүргүзүшүбүз керек. Быйылкы жыл мелүүн болуп, кыйынчылыкка учураган жокпуз. Эгер былтыркыдай бир күндө 65 кВт/саат электр энергиясын колдонсок, эмдигиче суу түгөнмөк. Быйыл кыш ушундай жеңил болгон соң, сууну үнөмдөсөк болмок.
Мен өкмөттү жамандагым келбейт, бирок, келерки жылды ойлош керек эле. Анткени, быйыл суунун көбөйүү деңгээли 60%, башкача айтканда былтыркы жылдай эле аз болот. Келип жаткан суунун агуу темпине караганда 7-8 млрд. топтолоор. Анын бардыгын сактап кала албайбыз да. 4-5 миллиардын сактап калганда да 11 миллиардга чыгышыбыз күмөн. Башкача айтканда, эмдиги кышта электр энергиясы жок калганы турабыз.
Ошон үчүн азыртан “Токтогулдагы” сууну сактап, эл түшүнмөк, өчүрсө өчүрүп, сырттан импорттоо керек. Импорттоо мүмкүнчүлүгү азыр деле бар. Мисалы, Тажикстандын Нурек ГЭСи июнга чейин иштеп, андан кийин сууну кое бергенге мажбур болот. Казакстан менен Өзбекстанда жылуулук электр станциялары иштейт. Аларда мүмкүнчүлүк бар. Ушул багытта келишим түзүү керек. Сууну сактоонун ушу тапта булардан башка чарасы жок.
Дагы караңыз Токтогул ГЭСи: кризис жазда тереңдейби?Нурзат Абдырасулова: Бизде чоң энергетикага көп көңүл бурулган. 90% Нарын каскаддары, эки жылуулук борбору аркылуу алынат. Альтернативдүү булактардан алынган энергия 1% жетпейт. Биз ушуну көбөйткөнгө аракет кылышыбыз керек. Чоң ГЭСтерге салыштырмалуу буларды тезирээк ишке киргизүүгө болот. Мүмкүнчүлүктөр бар, технология өсүп жатат. Бул да жеңилдетмек. Электр энергия базарынын пайда болушун шарттамак.
Эгер биз суунун 2 млрд. кубга чукул азайып атканын көрүп атсак эмне үчүн алдын ала иш алып барган жокпуз? Анткени, бизде энергиядан башка суу маселеси да бар эмеспи. Казакстан, Өзбекстанга берчү милдеттенмелерибизди сактап кала алабызбы деген маселе турат да. Баары саясатка байланып, акыркы жылдары пландоо жок болуп калды.
"Бүгүн ГЭС куруу эмес, тарифти көтөрүү маанилүү"
- Электр энергиясына болгон быйылкы таңсыктыктан улам кыргыз өкмөтү бир топ дымактуу пландарды түзүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында да белгиледи. Эң ири долбоор - Кыргызстан өз күчү менен Камбар-Ата-1 ГЭСин кура баштайт экен. Андан тышкары дагы кыйла курулуштар жасалат деп жатат. Бул канчалык деңгээлде ишке ашчу пландар?
Батыркул Баетов: Чоң гидроэнергетиканын баасы өтө арзан, андан кийинкиси чакан ГЭСтер, андан кийинкиси шамал, күн. Албетте, техника өсүп атат. Аларды колдонуу керек. Бирок, жетишпеген жактары да бар. Чакан ГЭСтер боюнча 150-200дөй жай бар. Ошолордун жыйырмасын сунуш кылдык. Алар жылына 1 млрд. кВт/саат электр кубатын өндүрө алат. Бирок, алардын кемчиликтери - суу агымдары аз болгондуктан, кышкысын тоңуп калат. Буларды эске алыш керек. Азыр техникалык-экономикалык негиздемелерин иштей баштадык. Бул - долбоорлоо менен курулушту кошкондо эки жылда бүтө турган иш. Буга өкмөт да, министрлик да көп көңүл буруп жатат. Көмүрдөн энергия алуу жагын да караштырып жатабыз.
Мырзатай Султаналиев: Союз убагында бизде 40ка жакын чакан ГЭС бар эле. Андан тышкары Кара-Буура, Папан, Орто-Токой деген үч суу сактагыч бар болчу. Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Көл ГЭСин айтып атат. Ага 15 жыл болду. Ошол жерлерге суу сактагыч эбак куруп койсок болмок.
Биз популисттик билдирүү жасап коюп эле аткарбай жатпайбызбы. Ар бир өкмөт, ар бир бийлик келген сайын биринчи эле Камбар-Ата-1 ГЭСинен баштайт. Бул глобалдуу долбоор. Бул Кыргызстанга өтө керек. Бирок, анын курулушу кеминде 15 жылга созулат. Анын каражаты 3-4 млрд. долларга чейин кетет. Албетте, күндүкүн да, шамалдыкын да үчтөн жерге курсак болот. Алардын, чакан ГЭСтердин курулушу техникалык-экономикалык негиздемеден тартып ишке киргизгенге чейинки иш кеминде 4-5 жылга барат.
Ошон үчүн бүгүнкү күнү тез кабыл алчу чара - электр энергияны импорттоодо, ошондой эле популярдуу эмес чара -тарифти көтөрүү. Анткени, электр кубатынын 70%ин калк колдонот. Бул убактылуу чара болушу керек.
Нурзат Абдырасулова: Станцияларды курганга 4-5 же андан көп жыл керек деп атабыз. Бирок, биз кичинекей станцияларды койсок болот деп жатабыз. Маселен, биздин кеңсе 99% күндүн нуру аркылуу жылыйт. Украинада, мисалы, бир жылда 45 миң ушундай станция коюлуптур. Эмне үчүн биз ошону кое албайбыз?
Дагы караңыз Борбор Азияда кыш караңгы, ызгаар күч болотҮнөмдөө ийгиликтин ачкычыбы?
- Кыргызстандын энергетикасы экспорттук потенциалы абдан чоң тармак катары саналат. Атүгүл Ооганстан, Пакистан өңдүү өлкөлөргө экспорттоо планы бар, CASA-1000 долбооруна кирген. Бирок, тармак каржалган абалдан жылдап чыга албай келатат. Мунун себеби эмнеде? Адатта айтып келаткандай кургакчылыкпы? Саясий туруксуздукпу? Же пландоонун жоктугубу, кадрдык кризиспи?
Батыркул Баетов: Концепция да бар, мамлекеттик энергетикалык саясаттын 30-40 жылга чейинки стратегиясы да бар. Бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, тариф маселеси. Тариф 2001-жылдан бери 20 жыл былк этпей туруп берди. Жашоо багыты эселеп өсүп кетти. Ага жараша 15500 киши (мурда 17500 болчу) иштеген энергетикалык тармактын каржылык-экономикалык абалы да начарлап жүрүп отурду. Бул өз кезегинде системаны толук жабыркатып атпайбы. Мурда жабдуулар 60% эскирди десек, азыр адистер 80% эскирди, мөөнөтү бүттү деп атышат. План боюнча тариф көтөрүлсө 2023-жылы электр кубатынын баасы өздүк наркына тең келип, андан ары пайда түшө баштамак. Ага да бара албадык. Ошентип, каржы-экономикалык таңсыктык, соңунан техникалык өксүк башталып, ал кыйынчылыктарга кирептер кылды.
Экинчиси - коррупция. Тармактын, сатып алуулардын, ремонттун, деңгээлинде буга жол бербеш үчүн катуу күрөшүү керек. Бул биринчи кезекте мамлекеттик үлүшү бар ири компанияларга тиешелүү. 2015-жылдан бери муну айтып, жазып, рычагдарды берип жатабыз. Бул мыйзам чегинде ишке кириши керек. Коррупцияны алдын алуу, коррупция аныкталганда жазалоо чаралары иштеши керек. Уурулук болбошу керек.
Мырзатай Султаналиев: Инженердик-техникалык саясат жок. Мисалы, энергиянын натыйжалуулугун караган адам жок. Жылуулукту кайдан алып атабыз? Сарптоолор ашыкча көп. Эсептесеңиз, калк 9 млрд. кВт/саатка жакын электр кубатын пайдаланып атат. Муну өкмөт караш керек эле. Бул үчүн жылуулукту өткөрүү жана энергетиканын натыйжалуулугу боюнча эки эле программа ишке ашса 50% кубаттуулук бошойт деп кепилдик бере алам. Ошол боюнча дал ошол инженер адистер иштеш керек. Менин билишимче, өкмөттө бир да инженер жок азыр.
Өкмөт экономикалык-техникалык багыттарды камтыган программа менен иштеши керек. Акыркы программа энергокомпанияларды акционердик кылып кайра түзгөндө, 1998-жылы кабыл алынган. Акаевдин өкмөтү кабыл алды. Бакиевдин өкмөтү, андан кийинкилери таштап койду. Ошон үчүн аксап атат. Аларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт тармактык институтка, тажрыйбасы бар адамдардан топтолгон эксперттик кеңешке, эл аралык тажрыйбага таянып иштегени оң.
Дагы караңыз Күн жана шамал энергиясы. Чакан ГЭСтерге артылган үмүтНурзат Абдырасулова: Кыргызстан чоң өндүрүш жок, кичинекей өлкө болгонубуз менен, электр кубатын коромжу пайдалануу жагынан дүйнөдө 15-орунда турат экенбиз. Анткени, үнөмдүү пайдаланбайбыз. 50%га жакын электр энегиясы турак жай имараттарга, анын ичинде бюджеттик мекемелерге коройт экен. Муну лимит аркылуу чечебиз дейбиз. Ал туура эмес. Ал биздин жашообузга тоскоол болот. Биз натыйжалуу колдонгонду үйрөнүшүбүз керек. Бирок, ал боюнча Кыргызстанда жаңыртылган улуттук программа да жок. Андай программанын мөөнөтү 2017-жылы эле бүткөн. Энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин бюджеттик мекемелерден башташ керекпиз.
Кыргызстанда имараттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча мыйзам кабыл алынып, 2012-жылы күчүнө кирген. Энергетиканын натыйжалуулугу боюнча саясаттын жоктугунан 10 жылдан бери иштебей келген. Быйыл энергокризиске байланыштуу бардыгы кыймылдай башташты. Эми мындан ары иштеп кетишине көңүл буруп, карап туруш керек. Ушул жол менен лимит деп отурбай, элге түшүндүрүү аркылуу көп кубаттуулукту бошотсо болот.