Аалымдар кеңешинин төрагасы алмашты

Абдиманап Масалиев Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап Масалиев шайланды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-февралда VII чакырылыштагы Аалымдар кеңешинин жыйынында Садиллаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, ал канааттандырылды. Анын ордуна кеңештин бирдиктүү добушу менен Абдиманап Масалиев төрага болуп шайланды.

57 жаштагы Масалиев Баткен шаарында төрөлгөн. 1991-1994-жылдары Ташкенттеги "Абдулкосим" медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштаган.

Буга чейин Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Бишкек шаарынын борбордук мечитинин имамы, Бишкек шаарынын казысы болуп иштеген. 2007-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинин имамы болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Парламент жазгы талаа иштерине даярдыкты талкуулап жататБаткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталдыЕвропа соту Венгрия менен Польшанын арызын четке кактыЖапаров: Арзан насыя алган дыйкандарды "дүрбү салып" текшеребиз