2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду. Бул тууралуу Согд облустук сотунун төрагасы Бахтиёр Окилзода Кожент шаарындагы басма сөз жыйынында билдирди.
“Кармалгандарга байланыштуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен 27 кылмыш иши козголгон. Мыйзам бузгандар ар кандай мөөнөт үчүн жазага тартылышты”,-деди ал.
Ал чек ара жаңжалдарына катышканы үчүн соттолгон Кыргызстандын жарандары жок экенин кошумчалады.
Кыргызстанда да ондогон тажикстандык жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталып, соттолушкан. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалдарга катышуу боюнча кошумча айып тагылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин муздап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан быйыл Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады.
Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптаган. (ErN)