АКШнын президенти Жо Байден Украинанын тегерегиндеги маселелер боюнча билдирүү жасады. Ал орус аскерлеринин украин жергесине чабуулу дале мүмкүн экенин, алардын айрым бөлүктөрүнүн артка тартылышы азырынча ырастала электигин маалымдады. Байден украин-орус чек арасына жакын аймакта Орусиянын аскерлери мурдагыдан көбөйүп, 150 миңге жеткенин айтты.
Жо Байден Москваны кайрадан дипломатиялык жолду тандап алууга чакырды. Америкалык лидер орусиялык жарандарга кайрылып, АКШ аларга душман эмес экенин, алар Орусиядагы кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар эместигин кошумчалады. Байден АКШ менен СССР Экинчи дүйнөлүк согушта өнөктөш болгонун, Украина анда Орусия менен бир мамлекеттин курамында болгонун эске салды.
15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Киев менен НАТОнун баш катчылыгы анын белгилери байкала электигин билдирүүдө.
АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Ошондон кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.
АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагып келатат. Чыңалуу жыл башынан бери курчуду. (ErN)
Дагы караңыз
Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү үй камагына чыкты17-февралдын аба ырайыӨмүрбекова: Орусияга мигрантты чектеген мыйзамын өзгөртүүнү сунуштаганбыз