Соңку бир суткада (16-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 54 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 25 киши.
- Ош шаары - 2
- Чүй облусу – 9
- Талас облусу - 2
- Ысык-Көл облусу – 6
- Жалал-Абад облусу – 10
Ош, Нарын, Баткен облустарында вирусту жуктуруп алгандар катталган жок.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2935 адам каза болуп, 193 миңден көп киши сакайып чыкты.
Ушу тапта 378 бейтап ооруканада, 1910 адам үйүндө дарыланып жатат.
3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)
Дагы караңыз
Журналист Куттумидин Базаркуловдун абактагы мөөнөтү узартылдыЗеленский 16-февралды Украинанын тилектештик күнү деп жарыяладыУкраинанын өкмөттүк сайттары хакердик чабуулга кабылдыШольц Украинага каршы агрессиянын кесепети оор болорун эскертти