Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандары эгер зарылчылык пайда болсо өлкөдөн коммерциялык авиакаттамдар менен өз алдынча чыгып кете аларын эскертти.
Бүгүн 15-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратып, Кыргызстандын Украинадагы элчилиги башка көпчүлүк өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү сыяктуу эле кадимки тартипте иштеп жатканын, окуяларга тыкыр көз салып турганын, Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөлүк элчиликтер менен түз байланышта экенин билдирди.
Ошону менен катар элчилик маалыматтык колдоо сурап кайрылган кыргызстандыктар менен дайыма байланышта турганы, аларга так маалымат алуу үчүн Украина бийлигинин расмий билдирүүлөрүн карап туруу керектиги айтылып жатканы маалымдалды.
Москва Украинанын НАТОго кошулушуна каршы болуп, орус-украин чек арасына 100 миңдей аскерин топтогон. Батыш аны "чабуул жасоого даярданууда" деп айыптап келет, Кремль аны четке кагууда.
Орус-украин чек арасындагы соңку абалдан улам айрым өлкөлөр жарандарын эвакуациялоодо. (RK)
Дагы караңыз
"Улуу көчмөндөрдүн мурасына" Тенгиз Бөлтүрүк жетекчи болдуОрусияда Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот башталдыТажикстан: миграцияга кеткен мугалимдер Франция Каримовага таандык 10 млн. долларды Өзбекстанга кайтарды