Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы тууралуу маалыматты 15-февралда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Биринчи Май райондук соту тастыктады.
Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соттун чечими менен ал 8-мартка чейин камакка алынды.
Мамытовду УКМКнын кызматкерлери Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кармаганы айтылууда. Атайын кызмат да, фонд да азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Орус-Кыргыз фонду эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Фонддун кеңеши беш, башкармалыгы беш мүчөдөн турат.
Нурлан Мамытов башкармалыктын мүчөсү болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган. (RK)
Дагы караңыз
Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы? Жапаров Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун маршрутун атадыЖалал-Абадда көчкү алдында калган төрт киши табыла элекТажикстандын жараны пара берүүгө шек саналып кармалды