Соңку бир суткада (15-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 55 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 23 киши.
- Бишкек – 23,
- Чүй облусунда – 19,
- Жалал-Абадда – 4,
- Баткенде – 4,
- Ысык-Көлдө– 2,
- Таласта – 2,
- Ош облусунда – 1.
Нарын облусу менен Ош шаарында вирусту жугузуп алгандар катталган жок.
Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2932 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.
3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)
Дагы караңыз
Бишкекте адам укуктарынын сакталышы талкууланатПутин менен Лукашенко апта соңуна чейин жолугушатУкраина НАТОго кирүү ниетинен кайтпай турганын билдирдиТүркмөнстанда президенттик шайлоо жараяны башталды