Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студент Сыймык Өмүрбек уулу жакын арада бошотулат. Казак тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушундай чечим кабыл алынганын 14-февралда Кыргызстандын Акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков билдирди:
“Ал “Чек арадан мыйзамсыз өткөн, жанында курал-жарагы бар” деген кине менен кармалган. Тийиштүү сүйлөшүүлөр болду. Айыппул төлөп, Казакстандан чыгаруу маселесин сүйлөштүк. Жакын арада чыгарылат”.
22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган. Анын маселеси парламентте да эки жолу көтөрүлгөн.
Жогорку Кеңеш 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (RK)
Дагы караңыз
Украинадагы кыргыздар: согуш болбосо экен деп жашап калдыкЕвробиримдик “Талибан” менен диалогго барды Казакстанда сабалган эки кыргызстандык боюнча “Кыйноо” беренеси менен иш козголдуЕвробиримдик гуманитардык кризиске байланыштуу Ооганстан менен мамилесин жандантты