Кубан Казаков пробация департаментинин директору болуп дайындалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кубан Казаков Юстиция министринин алдындагы пробация департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

43 жаштагы Казаков Юстиция министрлигинде 2003-жылдан бери иштеп, ар кайсы бөлүмдөрүн жетектеген, Чүй - Бишкек башкармалыгында эмгектенген.

Департамент 2019-жылдын сентябрынан тартып Юстиция министрлигинин алдында иштей баштаган. Мурда Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) караган. (KE)

Дагы караңыз

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлдуКара-Балтадагы калайман мушташтан бир окуучу ооруканага түштүЭкс-министр Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүТаш-Көмүр шаарындагы беш айылдын тургундары митингге чыгыштыКоронавирустан үч киши каза болуп, 46 адамдан жаңы аныкталды