Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Иллюстрация сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 12-13-15-февраль күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймагында аба ырайы туруксуз болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жана жамгыр катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…+5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-9, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15;

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +2…+4 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Ош - Исфана жолу 2023-жылы пайдаланууга берилетТүркмөн президенти бийликти жаштарга тапшырууга даяр экенин билдирдиАКШ, Жапония жана Нидерланд өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды Ташиев Кыргызстандын эч бир жери анклавга айланбай турганын айтты