Түрмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасынын 11-февралдагы кезексиз жыйынында бийликти "жаш жетекчилерге" өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.
Түркмөн президентинин мындай билдирүүсү анын бийликти уулуна тапшырып берүүгө даярданып жатканы тууралуу кептер айтылып жаткан учурга туура келүүдө. Халк Маслахатынын жыйыны Бердымухамедовдун бийликке келгенинин 15 жылдыгына карата уюштурулган.
"Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекеттик башкарууну заманбап талаптарга жооп берген, рухий чөйрөдө өскөн жаш жетекчилдерге өткөрүп берүү тууралуу ойлорду колдойм", - деген ал.
Көпчүлүктүн божомолунда, Бердымухамедов бийликти сентябрда 40ка толгон баласы Сердарга өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Түркмөнстанда президенттикке талапкерлер 40 жаштан жогору болушу керек. Сердар Бердымухамедов былтыр премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалган. Мындан сырткары түркмөн президентинин уулу мамлекеттик коопсуздук кеңшинин мүчөсү.
Жаратылыш газынын эбегейсиз коруна ээлик кылган Түркмөнстан Евразиядагы эң обочолонгон жана эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Сердар Бердымухамедов жума күнү Элдик кеңештин жыйынына катышып, өлкөнүн 2052-жылга чейинки экономикалык өнүгүү планын сунуштады. 30 жылдык пландын чоо-жайы айтыла элек.
Сердар Бердымухамедов бир эле учурда аткаруучу жана көзөмөлдөөчү бийликтин функцияларына ээ болуп, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана эң негизгиси Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.
Дагы караңыз
АКШ, Жапония жана Нидерланд өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды Ташиев Кыргызстандын эч бир жери анклавга айланбай турганын айттыБишкекте иликтөөчү журналисттердин форуму өтүп жататКремл Путин менен Байден телефондон сүйлөшөрүн билдирди